• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пьер фон Аркс: Кыргызстан Орто Азиядагы чыныгы демократия шарттарын карманган өлкө

Коом 0

Бишкек, 05.06.19 /Кабар/. Кыргызстан Орто Азиядагы чыныгы демократия шарттарын карманган өлкө. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс төрага Дастанбек Жумабеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Жарандык коомдун күчтүүлүгү, көп партиялуулук жана парламенттин ишинин ачык айкындуулугу жогору баага татыктуу", – деди Пьер фон Аркс.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш ЕККУ ПА менен болгон кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп жатканына токтолуп, өткөн жылы Бишкек шаарында уюштурулган ассамблеянын күзгү отуруму ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү менен эсте калганын кошумчалады.

Ошондой эле ЕККУ Кыргызстан менен бардык тармактар боюнча байланышты арттырууга кызыкдар экендигин айткан Пьер фон Аркс Жогорку Кеңеш менен да алакаларды кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Мындан сырткары, жолугушууда Бишкектеги ЕККУ Академиясынын негизинде билим берүү жаатында да кызматташуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий