• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пакистанда жүргөн кыргызстандык коронавирус жугузуп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Пакистанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын арасында Кыргызстандын 1963-жылкы жараны бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, аталган жаран менен чогуу төрт кыргызстандык (1960-ж.,1978-ж, 1960 жана 1996 ж.) Пакистанда даават кылып жүрүшкөн.

Жарандар консулдук каттоодо турушпайт жана КРнын Пакистандагы элчилигине жардам сурап кайрылышкан эмес.

Азыркы учурда коронавирус табылган жаран PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) Исламабад госпиталына жаткырылган, ал эми калган төрт кыргызстандык карантинге алынган.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабад шаарынын администрациясы жана тиешелүү укук коргоо органдары менен тынымсыз байланышта болууда.

Пикир

Оставить комментарий