• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия Кыргызстанга ооруну аныктоочу дагы 10 миң тест-система берди

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары калкта коронавирусту аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясын жөнөттү. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 3-мартынан 15-мартына чейинки убакыт аралыгында Россия Кыргызстанга 7600 медициналык тест-система жардам иретинде жөнөткөн. Ошондой эле 2020-жылдын 21-мартында Роспотребнадзор дагы 10 миң аныктоочу тест-система комплектисин берди.

КРнын РФдагы элчилиги РФнын өкмөтүнө жана Роспотребнадзорго жаңы коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылып кетпөөсүнө каршы иш-аракеттерде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий