• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакыров: Канчалык ишкерлерге жакын болуп, жардам берсек, алар жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктарды төлөшөт

Экономика 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. «Канчалык ишкерлерге жакын болуп, ишкерлерге жардам берсек, алар жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктарды төлөп, бюджеттин толушуна салым кошуп, кээ бир кыйынчылыктарды жеңил өтүп кетсе болот», — деп билдирди «ЖИА» бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан кийин.

Анын айтымында, Кыргызстанда, тилекке каршы, мигранттар кайра өлкөгө келип, Кыргызстандын экономикасын кыймылдата турган жүк ишкерлердин мойнуна түшүп калды.

«Карантин учурунда ишкердик толук токтоп калган тармактардын катарында болду. Бул тармактын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, карантин бүткөндөн кийин кандай иштерди жасоо керектиги туурасында сүйлөшүүлөр болду», — деп билдирди «ЖИА» бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө илдетке байланыштуу өзгөрүүлөр болуп жатат, Кыргызстан дагы ошолордун катарында бир топ чектөөлөрдү киргизилди. Ошондой эле экономика тармагында бир топ кыйынчылыктарды ишкерлер баштарынан өткөрдү.

«Ошол учурда Ассоциациялар ишкерлердин атынан чыгып, пропуск маселеси, ишкерлерге эң керек болгон маалымат маселеси боюнча, андан сырткары онлайн ишкедерди окуутуу программаларын уюштурдук. Бул, тилекке каршы, жетишсиз», — деди Фархад Пакыров.

Ассоциация катары орто жана чакан ишкерлердин башын бириктирип, Кыргызстан боюнча иш алып барылат. Коронавирус кандай таасирин тийгизгендиги туурасында анализ жүргүзүлгөн. Орто жана чакан бизнесте көбүнчө соода, тейлөө, өндүрүш, айыл чарба тармактарында ишкерлер иштешет.

«Булардын көпчүлүгү биринчи эле маселеси, кирешелери түшүп кетти. Жумушчуларын эс алууга чыгарып, иши токтоп калды. Сурамжылоонун негизинде ишкерлерге эң керектүү 3 багыт белгилүү болду. Биринчиси, каражат жагынан колдоо керектиги. Узак мөөнөттүү жеңилдетилген каражат. Экинчиси, салыктар боюнча жеңилдиктерди, же каникулдарды берүү. Үчүнчүсү, азыркы учурда өтө маанилүү болгону — региондордо ишкерлерге багыт берүү», — деп белгиледи Пакыров.

Бул маалымат, кеңеш берүү, ишкерлердин азыркы учурдагы талабына жараша окутуу, тажрыйба берүү экендигин айтат ал.

«Себеби бардык нерсе өзгөрүп жатат. Ишкердик дагы өзгөрөт. Бүгүнкү жыйында Ассоциация катары каржы маселесин көтөрүп келдик. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда болгон каражаттарды бир аз либералдаштырып орто жана чакан ишкерлерге берүүнү сурандык», — деп билдирди Фархад Пакыров.

Алар бир гана кредит же лизинг менен берилип калбай, тикелей түз инвестиция жагынан дагы ишкерлерге колдоо көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле азыркы учурда Бишкекте ишкерлер маселелерин чечип ала алышат. Бул жакта ар кандай ассоциациялар, уюмдар, окуутуу программалар бар. Маселеси болсо, кайрыла турган жерлери бар.

«Мисалы, Нарындагы ишкерге маалымат же көйгөйү болсо, кайсы жерден колдоо аларын билбейт. Азыр ишкерлерди тейлөө борборун ачып, кеңеш берүү кызматын, эмне керек болсо окутуу программаларын жүргүзүп, ишкердикти өнүктүрүү менен кризистен чыгуу программасын сунуштадык», — деп белгиледи Фархад Пакыров.

Эске салсак, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мамлекет башчысы менен кечээ, 11-майда жолугуп, азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий