• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Палестинанын президенти Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.07.22. /Кабар/. Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Палестина мамлекетинин, анын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди, сиздин атыңыздан бир тууган Кыргыз Республикасынын элин Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн жана кызуу куттуктап коюу мага чоң кубаныч тартуулайт. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, элиңизге жана өлкөңүзгө, ошондой эле биздин бүткүл Үммөтүбүзгө тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалайбыз. Биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана эң жакшы каалоолорубузду кабыл алыңыз”, - деп айтылат Палестинанын президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий