• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пандемия башталгандан бери Ысык-Көл облусунда 121 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган

Аймак 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Пандемия башталгандан бери Ысык-Көл облусунда 121 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

"Облуста 734 дарыгер, 2 миң 100 медайым бар. Пандемия башталгандан бери бүгүнкү күнгө чейин 121 медицина кызматкерибиз ооруну жуктуруп алган. Алардын ичинен 70 кызматкер айыгып чыккан. Тилекке каршы эки дарыгерибиз каза болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий