• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Панфилов районунда бейбаштык кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. 2018-жылдын 14-февраль күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө Кайыңды шаарынын 44 жаштагы Г.О. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 14-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө чала тааныш “Владимир” аттуу жаран келип, ээн баштык кылып, арыз ээсинин үйүнүн терезелерин талкалап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткенин билдирген.

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдиргендей, арыз ээсине 35 миң сом материалдык чыгым келтирилген.

Бул окуя боюнча Панфилов районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, жергиликтүү 42 жаштагы Д.В. кармалып, териштирүү учурунда мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болгон. Кармалгын жаран Панфилов районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий