• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Папан айылындагы тургундардын көмүр ташуучу унаалар боюнча нааразычылыгы чечилди – Ош облусунун башчысы

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусунун Папан айылындагы тургундардын көмүр ташуучу унаалар боюнча нааразычылыгы чечилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Брифингде Узарбек Жылкыбаевге "25-майда Папан аймагында жергиликтүү тургундар көмүр ташуучу унаалардын жолун тосуп, нааразычылыгын көрсөтүштү. Алардын маселеси чечилдиби?" деген суроо узатылды.

Жылкыбаевдин айтымында, облуста 18 көмүр кени бар болсо, анын 12ине уруксат берилген.

"Папан айылындагы көмүр ташыган жүк ташуучу унаалар айылга салынган жолдон өтүп жатканына жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдирип, жолду тосуп чыгышкан. Алар жүк ташуучу унаалар асфальтты бузуп жатканын айтышты. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берилип, Кара-Суу мамлекеттик администрациянын биринчи орун басары жерине барып, көмүр кенинин жетекчилиги менен жолугушкан. Жыйынтыгында көмүр ташыган унаалар Көк-Бел тараптагы жол менен өтө турган болду", - дейт ал.

Жылкыбаев жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын туура түшүнгөнүн айтат.

"Күндүн ысыгынан жана оор жүк ташуучу унаалардын ал жолдон өтүшү менен жол бузула баштайт", - деди Ош облусунун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий