• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламент 2019-жылга бюджеттин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жалпы жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун карады.

Суроо-жооп форматында өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, өлкөнүн административдик ведомстволорунун жетекчилери катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен конструктивдүү иштөөгө ишеним көрсөттү.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, 2019-жылга бюджеттин долбоорунда бир катар маанилүү жаңы киргизүүлөр камтылган.

Ошону менен бирге ал депутаттар тарабынан айтылган бардык сунуштар жана эскертүүлөр Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алынарын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий