• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Парламент Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелдеги парламент жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды. Буга чейин аталган кызмат ордун Алтынай Өмүрбекова аркалап келген.

Ал эми Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги колдоо тапты. Аталган кызматта буга чейин Космосбек Чолпонбаев иштеген.

Талапкерлерди талкуулоо учурунда бир катар сунуш-пикирлер айтылып, өзгөчө абал маалында бардык тармактарда кырдаалды жөнгө салууга багытталган алгылыктуу иштер аткарылышы керектиги белгиленди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети менен Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети аталган талапкерлерди колдоо тууралуу чечим чыгарган. Ага ылайык, талкуу соңунда Жогорку Кеңештин да атайын токтому кабыл алынды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикаримовдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, жалпы элдин саламаттыгы үчүн илдетке каршы тынымсыз күрөшүүгө үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий