• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК Түркия менен биргеликте маданий борборлорду ачуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министри Алтынбек Максутов, орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жооп беришти.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Элдар Сулайманов белгилегендей, Макулдашуунун шарттарына ылайык, маданий борборлорду, анын филиалдарын эки өлкөнүн аймактарына ачылышына шарт түзүп, достук мамилелерди өнүктүрүү, маданият, илим, билим тармагында эки тараптуу кызматташтыкты камсыздоо, мекендештерге көмөк көрсөтүү, эне тилди жана улуттук каада-салтты сактоо, тыгыз карым-катышты орнотуу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзүлмөкчү.

Келишимге кыргыз тарап келечекте кыргыз маданий борборун ачууну ишке ашыруу максатында жана ченемдик укуктук базаны түзүү үчүн кол койгон. Анткени Кыргызстандын маданий борборлорун Анкарада ачууда борбордун ишмердигин жөнгө салган документтерди иштеп чыгуу, республикалык бюджеттен кошумча каражат, тагыраагы, имараттын ижара акысы, же жер тилкесин сатып алып, маданий борбордун имаратын курууга, кызматкерлерди жалдоого жана коммуналдык кызматтар үчүн акча талап кылынат.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова, Чингиз Айдарбеков маданият борборлорун ачуунун уюштуруу маселелерине токтолуп, бул багыттагы иш-аракеттер эмне үчүн 2021-жылы эле башталбаганына кызыгышты. Министр Максутов бул биринчи кезекте каржылык себептерге байланыштуу болгонун билдирип, ошол эле учурда бул кемчиликке жол берген жооптуу кызматкерлерге чара көрүлгөнүн кошумчалады.

Ал эми эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев Өзбекстандын ийгиликтүү тажрыйбасын мисалга келтирип, тиешелүү министрликти маданий борборлорду ачуу үчүн инвесторлорду тартууга чакырды.

Өз кезегинде депутат Талайбек Масабиров бул борборлордун толук кандуу иштешин камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу сөз кылып, алардын негизги максаты кыргыз элинин маданиятын, тарыхын жайылтуу экенин баса белгиледи.

Депутат Камила Талиева маданият борборлорунун ачылышына кызыкдар экенин айтып, депутаттар министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн мыйзам ченемдерин белгиленген мөөнөттө так аткарылышын талап кылууга укуктуу экенин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий