• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламентти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок – төраганын орун басары

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров билдирди.

Белгилей кетсек, айрым ММКлар менен депутаттар парламент мөөнөтүнөн мурда таркап кетиши мүмкүн деген божомолдорду айтышууда.

"Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок. Анткени, таркатуу тууралуу сөз кыла тургандай өлкөдө саясий кризис жок", - деди ал.

Вице-спикердин айтымында, шайлоо өткөрүү үчүн каражат керектелип, ал нерсе оюн эмес.

"Баары Конституцияда белгиленген мөөнөттө болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий