• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламенттик шайлоо: Түркияда жалпы шайлоочулардын 13%ы гана добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин алдындагы №9036 участкасында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо аяктады.

Элчиликтин маалыматына ылайык, шайлоо мыйзам чегинде өтүп, шайлоочулар жана байкоочулар тарабынан арыздар түшкөн жок.

"Анкарада шайлоочулардын тизмесине киргизилген 714 шайлоочунун ичинен 13%ы же 93 кыргызстандык гана добуш берди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий