• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттин 101 депутаты Өкмөткө ишеним көрсөткөн жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Мыйзамга ылайык, Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе жалпы депутаттардын санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен каралат. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында КР Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе каралып жатканда билдирди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет бул маселени кароону Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганын белгиледи.

Добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын 101 добушу менен Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе жалпы депутаттардын санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен каралат. Ал эми Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү чечим жалпы депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушу менен алынат.

Пикир

Оставить комментарий