• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат дыйкандар үчүн жер салыгын көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев дыйкандар үчүн жер салыгын кайра карап чыгууну жана көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, 2008-жылы айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын негизги ставкалары 1998-жылы жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча киргизилген жана андан бери өзгөргөн эмес.

Учурда буудай данынын базар баасы республика боюнча орточо эсеп менен центнерине 3000-3100 сомду түзөт. Баалардын жана айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарынын өзгөрүшүн эске алуу менен жер салыгынын ставкаларын кайра эсептөө зарылчылыгы келип чыкты.

Мисалы, Чүй облусунун Сокулук районунда 2023-жылга буудайдын орточо рыноктук баасын (1 кг үчүн 30,47 сом) эске алуу менен жер салыгынын ставкасы сугат айдоо аянттарынын 1 гектары үчүн азыркы 407 сомдон 3230 сомго чейин жогорулайт.

Буга байланыштуу “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) иштелип чыкты.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ал 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий