• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттин депутаттары 47-абактагы Садыр Жапаровго барып кетишти

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Жаныбек Бакчиев жана Талант Мамытов бүгүн МЖАК 47-түзөтүүчү колониясына барып кетишти. Бул тууралуу МЖАК басма сөз кызматы билдирди.

Алар колонияга парламенттин жыйынында МЖАК жана тиешелүү түзүмдөрдөн мурдагы депутат Садыр Жапаровдун өз өмүрүнө кол салуу аракетинин себептери тууралуу отчет берүүнү талап кылуу сунушу айтылгандан кийин келишкен. Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеш коомдо болуп жаткан олуттуу окуяларга дайыма жооп кайтарарын белгиледи. “Бул маселе боюнча мен фракция лидерлери менен сүйлөшүп, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттешүү комитетинин төрагасы Мирдан Жээнчороевге кырдаалды иликтөөнү тапшырдым. Регламенттин алкагында бул маселелер комитетте чечилет. Алар баарын иликтеп, бизге маалымат беришет”, - деди ал.

Борбордук абак ооруканасы жайгашкан 47-ТКда депутаттар Садыр Жапаровго жолугушту. Жолугушууда Жапаров өзүн жакшы сезип жатканын, СИЗО жана колонияда кармоо шарттарына эч кандай даттануулары жок экендигин билдирди. Ал болгону анын иши тек гана мыйзам чегинде каралышы боюнча каалоосун айтты.

Депутаттар Садыр Нургожоевичке тезинен сакайып кетүүнү каалашты.


Пикир

Оставить комментарий