• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Патрулдук милицияга кызматкерлер кабыл алынат. Айлыгы 40 миң сомдон жогору

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына сынактык негизде кызматкерлерди кабыл алууну улантууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, айлык акысы 40 миңден жогору.

Квалификациялык талаптар жеңилдетилди, алар:

- талапкердин жаш курагы 19дан жогору, 30дан ашпашы керек;

- билими жалпы орто билими болсо жетиштүү;

- айдоочулук күбөлүгүнүн В, С категориясынын болуусу.

ЖКККББ документтер Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү 1А дарегиндеги Кадрлар бөлүмүндө кабыл алынатрын эскертет. Байланыш телефондору (0312) 631275, нөөмөт бөлүмү (0312) 630900, (0312) 630901.

Пикир

Оставить комментарий