• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пенсия, жөлөк пул катары берилген акчалар дезинфекциядан өтүүдөбү? Сыдыковдун жообу

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Пенсия, жөлөк пул катары берилген акчалар тиешелүү дезинфекциядан өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Жумаш Сыдыков билдирди.

Түз эфирде Жумаш Сыдыковго "Пенсия, жөлөк пул катары берилген акчалар дезинфекциядан өтүүдөбү?" деген суроо берилген.

"Улуттук банк фабрикадан чыккан акчаларды пенсия жана жөлөк пул катары таратканга аракет кылууда. Коммерциялык банктарда белгилүү тартипте дезинфекциядан өттүүдө жана "Кыргыз почтасы" да өзүнүн талаптарына ылайык иш жүргүзүүдө", - дейт ал.

Сыдыков белгилегендей, Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарларында орнотулган банкомат, терминалдар токтоосуз иштеп жатат.

"Ноокат жана Кара-Сууда мурда коммерциялык банктардан пенсиясын алып жүргөндөргө Соцфонддун чечими менен "Кыргыз почтасынын" кызматкерлери тарабына таратылып жатат. Ал эми кечиктирилип жаткандар боюнча, мүмкүн жетишпей жаткандыр", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 466га жетти. Алардын ичинен 104ү медицина кызматкери. Коронавирустан 91 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий