• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук Кызыл Ай Коомунун Баткен облусундагы ишмердиги

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Баткен облустук штаб коронавирус оорусу менен күрөшүүдө Улуттук Кызыл Ай Коомунун облустук өкүлчүлүгү менен тыгыз иш алып барууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата аталган уюм тарабынан обсервацияда жаткан жарандарга 87 миң 300 сомдук тамак аш, 500 топтом гигеналык каражаттар берилген.

"Уюм тарабынан 100 жалгыз бой карыяга азык-түлүк баштыгы таратылды. Ушундай эле жардам кургак учук менен ооруган 20 адамга берилди. Саламаттык сактоо мекемелерине, санитардык карантиндик көзөмөл постторуна 250 литр антисептик, 200 кг хлор, комбинзон, беткап, кол кап, резина өтүктөр, каскалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан белгилешкендей, Улуттук Кызыл Ай Коому тарабынан мобилдик бригадалардын кызматтык унааларына күйүүчү майлар берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий