• 88.68
  • 95
  • 0.95

Петербургда 3 баласын кароосуз калтырган кыргызстандыкка карата текшерүү башталды

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Петербургда көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө кароосуз калган 3 баланын табылышы боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу ЖМКларда жарыяланган.

Кароосуз калган балдар Рижск проспектисиндеги имараттан табылып, алардын эң кичинекейи сасык тумоо менен ооруканага жеткирилген.

Милициянын маалыматы боюнча, балдардын энеси 22 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп саналат.

Прокуратурадан жашы жете элек балдарга карата мыйзамдын талаптарынын аткарылышына, анын ичинде алдын алуу тутумунун органдарынын иш-аракеттерине баа берилери айтылды.

Прокурордун жооп кайтаруу чараларын көрүү маселеси эгер буга негиз бар болсо текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечилет.

Пикир

Оставить комментарий