• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пияздын биз билбеген пайдалуу касиеттери: Бетке сүйкөсө беттин ажарын ачат

Дүр дүйнө 0

Пияз – белгилүү болгондой даамы ачуу болот да, табияты ысык келет. Бул күндөлүк турмушта абдан көп колдонулуучу жашылча. Муну Японияда кан басымы көтөрүлгөн ооруларга пайда берүүчү дары катары колдонулат. Пияз жалаң эле кандын жогорулашына жардам бербестен, анын төмөндөшүнө да жардам берет.

Колдо өстүргөн пияздан сырткары тоо пиязы да болот. Тоо пиязы, колго өстүргөн пиязга караганда табияты күчтүү келет.

Пияз заараны жакшы чыгарып, аялдардын этек кирин өз убагында келтиргенге таасир берет.

Пияз менен койдун чүйгүн этин кошуп жесе өпкөнү тазалайт.

Пиязды бал менен бирге кошуп көзгө жапса, ал ак чел же эт баскан көздөрдү айыктырып, көрүү күчүн күчөтөт.

Пияздын суусун мурунга тамчылатса дем алуу органдарын тазалайт, тумоо, жугуштуу ооруларды алдын алат. Ошондой эле, пияздын суусун кулакка тамызса, кулактын ичиндеги кирлерди тазалап, андагы жаракаттарды айыктырат.

Канаган жерге пиязды басса, канды токтотот. Бетке сүйкөсө беттин көркүн ачат.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий