• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пиццерия, "ДЭУ Нексия", "Ауди-100" унаалары күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин М.Горький көчөсүндөгү "Dodo Pizza" пиццериясында электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүндө "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылында "2 Бакыр" жеке ишкананын кургатуучу жайында жүк көтөрүүчү аппараты күйгөн.

Ош-Баткен-Исфана жолунун 167-168-чакырымында "ДЭУ Нексия" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдардын кыска чыңалуусу.

Пикир

Оставить комментарий