• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Прагада кыргыз-чех парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Толенды Макеев Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-чех парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн спикерлеринин өз ара иш сапарларын уюштуруу үчүн бул мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин, достук топторунун жана аппараттарынын деңгээлинде байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын жана Чехиянын парламенттеринин Европа Биримдигинин, Европарламенттин, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча биргелешкен кыргыз-чех долбоорлорун ишке ашырууда колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча да пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий