• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер: Аткезчилик менен күрөшкөндөргө акчалай сыйлык берүү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев аткезчилик менен күрөшкөндөргө акчалай сыйлык берүү керек экендигин баса белгиледи. Бул тууралуу ал өкмөттө өткөн салык жана бажы кызматтарын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында айтты.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жунусов билдиргендей, ал Мамлекеттик салык кызматынын инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин дайыма көрүп жүрөт.

“Биздин оюбуз боюнча Салык кызматы деле каржы чөйрөсүндө мыйзамга каршы аракеттерди көзөмөлдөгөн башка мекемелердей эле бюджетке алып келген кирешелердин эсебинен туруктуу киреше булагын тапса болчудай”, - деди Жунусов.

Премьер-министр бул ой менен макул болуп, кайсыл жактарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек экендигин аныктоону тапшырды.

“Андан тышкары, аткезчилик менен күрөшкөн кызматкерлерди акчалай сыйлык менен сыйлоо керек. Ким 20 миң сом үчүн иштесин?”, - деп Абылгазиев суроо узатты.

Пикир

Оставить комментарий