• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер Боронов Ысык-Көл облусундагы ички жолдордун курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ысык-Көл облусу боюнча 15 чакырым жол капиталдык ремонттон өтүүдө. Өкмөт башчы Тоң районун Бөкөнбаев айылындагы И.Тойчубеков жана Ж.Турусбеков атындагы көчөлөрдү асфальттоо иштерин көрүп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бул эки көчөнүнүн узундугу 3 чакырымды түзөт. Учурда кум, шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча берген тапшырмасына ылайык, райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолууда. Жолдорду асфальттоодо сапатына өзгөчө көңүл буруу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Андан соң Өкмөт башчы Тоң районунун Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Кызыл-Туу айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу боюнча долбоор менен таанышты. Бул айылдарда таза суу системасы эскиргендигине байланыштуу суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу системасы жок жерлерде жаңыларын орнотуу пландалууда. Учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий