• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер энергетика тармагындагы чиновниктердин убадаларына ишенбей калганын билдирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков энергетика тармагындагы чиновниктердин убадаларына ишенбей калганын билдирди.

Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБдеги авария талкууланган жыйынынын жүрүшүндө “Электр станциялары” ААКнны башкы директору Узак Кыдырбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ишти калыбына келтирүүгө жана ЖЭБдин мурдагы режимине өтүүгө аларга 1-2 күн талап кылынарын билдирди.

“Учурда биздин башкы милдет эки чоң от казанды калыбына келтирүү. Бизге 2 күн керек, андан соң мурдагы режимге түшөбүз”, - деди ал.

Бирок, анын сөзүн премьер-министр бөлүп, энергетика тармагындагы чиновниктердин убадаларына ишенбей калганын айтты.

“Мен убакытты ашыгы менен алып, жагдайды аныктап, ишти калыбына келтирүү үчүн 1,5-2 жума сурагым келет. Анткени 2 күн жетпей калышы мүмкүн”, - деп кошумчалады премьер.

Пикир

Оставить комментарий