• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Конституциялык палата жөнүндө мыйзамдагы айрым кенемтелерди четтетүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Конституциялык палатасынын ишин оптималдаштыруу, мыйзамдардагы кенемтелерди четтетүү максатында иштелип чыккан «КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу тартиби мыйзам менен регламенттелген эмес, анын кесепетинен Конституциялык палатанын чечимдеринде камтылган тапшырмалар жетиштүү түрдө эркин ишке ашырылууда.

«Аталган укуктук кенемтени калыбына келтирүү максатында, мыйзам долбоорунда Конституциялык палатанын чечимдеринде толугу менен же бир бөлүгү Конституцияга карама-каршы деп таанылган ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча конкреттүү чараларды жана мөөнөттөрдү көрсөтүлүшү менен же чечимде четтетүүгө жатуучу укуктук жөнгө салууда кенемтенин бар экендиги көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу механизмдери каралууда", - дейт баяндамачы.

Белгилей кетсек, ушу тапта Конституциялык палатанын 65 чечими аткарыла элек. Анын ичинде 25 чечим Жогорку Кеӊешке тийешелүү, алардын 60 пайызы аткарылды, калганы аткарылуу алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий