• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Премьер-министр Марипов жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушту.

Өкмөт башчы улуттук дүң продукцияны өндүрүүдө, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин чечүүдө жана өлкөдөгү кичи жана орто бизнестин потенциалын жогорулатууда жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Сиздердин эмгегиңиздерге жараша «Кыргызстанда жасалган» атамекендик таанымал бренди түзүлгөн, аны мындан ары карай алга жылдыруу зарыл. Бүгүнкү күндө текстилдик-тигүү тармагы экспорттук көрсөткүчү жогору атамекендик экономиканын алдыңкы тармагы болуп саналат. Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу тармак сырьену ташуудагы чектөөлөр жана даяр продукцияга карата суроо-талаптын төмөндөшү сыяктуу бир катар олуттуу көйгөйлөргө дуушар болду. Ошондуктан биз келип чыккан кыйынчылыктарды биргеликте чечүүбүз маанилүү. Биз кичи жана орто бизнес таза кирешесин кыскартып, көмүскөгө кетүүгө мажбур экендигин көрүп турабыз. Ошондуктан жумушчу орундары сакталып, жарандардын эмгектенүүгө мүмкүнчүлүгү болушу үчүн тармактын ишканаларын колдоого алуу керек. Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бизнести коргоого жана колдоого алууга багытталган Жарлыктарга кол коюлган. Бул багыттагы иштер улантылат. Биз атамекендик текстилдик индустрия өнүгүп, чет элдик рынокторду багындыруусуна кызыкдарбыз», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт жеңил өнөр жайынын өндүрүштүк потенциалын жана кубаттуулугун кеңейтүүгө, кластерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасоого ниеттенүүдө.

«Тийиштүү мамлекеттик органдарга атамекендик жеңил өнөр жайынын ишкерлерине жагымдуу шарттарды түзүү, өндүрүштүк ишканаларды башкарууга берүү үчүн жер тилкелерин трансформациялоого байланыштуу маселелерди жөнгө салуу, жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерине салыктык жеңилдиктерди берүү жана ипотекалык насыялоо мүмкүнүчүлүгүн кароо тапшырмасы берилди. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна кластердик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн кредиттик линияны бөлүү боюнча маселени иштеп чыгуу сунушталды.

Өкмөт башчы мамлекеттик телерадиоканалдарда текстилдик индустрия ишканаларынын ишин кеңири чагылдыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Жолугушуда жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү тармактагы учурдагы абал, мамлекеттин колдоосу талап кылынган иштеги көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.

Премьер-министр жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, бардык көтөрүлгөн маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл тапшырмалар бериле тургандыгын билдирди.

Премьер-министр жеңил өнөр жай тармагындагы ишкана жетекчилерин жакын арада визави менен Казакстан аймагы аркылуу текстилдик продукцияны тарнспортитровкалоо, ошондой эле Кыргызстанга продукцияны темир жол боюнча импорттоо маселеси иштелип чыга тургандыгына ишендирип кетти.

Маалымдама: COVID-19 пандемиясына чейинки мезгилде өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү 2019-жылы – 9,7 млрд сомду жана 2020-жылы 7,8 млрд сомду түзгөн. Жеңил өнөр жай тармагынын басымдуу бөлүгү - 80%ы тигүү өнөр жайына туура келет. 155 млн АКШ долл чейинки суммадагы товарлар экспорттолгон (2020-жылы - 94,1 млн АКШ доллар).

Пикир

Оставить комментарий