• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьердин дагы бир кеңешчиси дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Момункулов Эсенкул Дүйшөнкулович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эсенкул Момункулов, 1978-жылы туулган. Германиядагы Гейдельберг университетинин бүтүрүүчүсү (2008), АКШ дагы Миннесота университетинде илим изилдөөчү болуп иштеген (2012).

Буга чейин КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүндө эксперт (2011) жана КР Президентинин Аппаратынын кадрдык иштер, аймактык жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн инспектору (2013) болуп эмгектенген.

Ошондой эле 2015-жылы Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси болуп да кызмат өтөгөн.

Акыркы кезде Эсенкул Момункулов түрдүү инвестициялык долбоорлордун үстүнөн иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий