• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Айсулуу Тыныбековага Бишкектен үч бөлмөлүү батир белек кылды

Президент 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

«Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем», — деп ал.

Ошондой эле, президент көп жылдан бери аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Айсулуу Тыныбекова президентке, жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн рахматын айтып, бул жеңишин өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арнаганын айтты.

Нурбек Изабеков бул мелдеште Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын белгиледи. Кыргызстан үчүн алгачкы болгон бул жеңишке жетишүү жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага КР президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий