• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев Молдова Президенти Игорь Додон менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 13-апрелде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон менен жолукту. Кеңешке Кыргыз Республикасы төрагалык кылат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Молдова ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды, ар кайсы деңгээлде байланыштарды жандантуунун мааниси белгиленди.

Молдова Президенти Игорь Додон Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырганы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын билдирип, эки өлкө ортосундагы салттуу достук мамилелерди белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий