• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаевге билим берүү жаатындагы реформалар боюнча маалымат берилди

Президент 0


Бишкек, 1-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-мартта өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына билим берүү чөйрөсүндө биринчи кезекте билим берүү сапатын арттырууга багытталган реформаларды ишке ашыруу иштери тууралу маалымат берилди.

Атап айтканда, Гүлмира Кудайбердиева Президентке мектеп билим берүүсүнө бардыгынын колу жеткистигин камсыздоо, мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн өркүндөтүү, мектептерди окуу китептери менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн айрым жерлеринде, айрыкча борбордо мектептердин ашыкча толуп кетишине байланыштуу мектептерди курууга жана оӊдоого мамлекет тарабынан берилген каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга тийиштүү көзөмөл кылуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий