• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Эне-баланын саламаттыгына кам көрүү – биздин негизги милдетибиз

Президент 0


Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борбордун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбордун курулушу министрлер кабинетинин жана тиешелүү министрликтин Германия өнүктүрүү банкы (KfW) менен “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун алкагында ийгиликтүү кызматташуунун натыйжасы болуп саналат.

Президент өз сөзүндө Германиянын элчилигине жана Германия өнүктүрүү банкына тыгыз кызматташтыгы жана тынымсыз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров перинаталдык борбордун ачылышы - энени коргоо жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча стратегиялык максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы Макулдашуунун негизинде курулган борбор кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүчү жогорку технологиялуу мекеме болуп саналат.

Мамлекет башчысы перинаталдык борбор сапаттуу дарылоо жайы гана болбостон, республиканын бардык аймактарындагы медицина кызматкерлеринин билимин арттырууга мүмкүнчүлүк берген борбор болоруна ишенимин билдирди. “Өлкөбүздүн башкы байлыгы - эл экенин эске алганыбызда, жаңы төрөлгөн ар бир баланын, ар бир кош бойлуу аялдын ден соолугуна ар тараптан кам көрүү – биздин негизги милдетибиз”, - деди президент.

Кыргызстан менен Германиянын саламаттык сактоо жаатындагы биргелешкен аракеттери БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө, анын ичинде бакубаттуулукту жогорулатууга жана сергек жашоо образын камсыз кылууга багытталган, деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, суу менен камсыздоо, санитария, климаттын өзгөрүшү жана теңсиздик менен күрөшүү сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Германия менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында президент Перинаталдык борбор балдардын өлүмүн азайтуу менен энелердин жана балдардын ден соолугуна кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калаарына үмүт артты.

Салтанаттуу ачылыштан кийин президент Германия элчилигинин өкүлдөрүнүн жана КРдин Саламаттык сактоо министринин коштоосунда перинаталдык борборду көрүп чыгып, борбордун жалпы уюштурулушуна жогорку баа берип, андагы кызматкерлер менен баарлашты. Өз кезегинде перинаталдык борбордун кызматкерлери Мамлекет башчысына саламаттыкты сактоо секторуна колдоо көрсөткөндүгү жана кылдат көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.


Маалымдама: Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, люкс классындагы палаталары жана башка медициналык кызматтар эске алынган. Бул борбор бейтаптарды 2024-жылдын февраль айынан тарта кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий