• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн 1 млрд сомго кепилдик берилди

Экономика 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн 1 миллиарддан ашык сомго кепилдик бериилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти.

Белгиленгендей, айыл чарбасы "Кепилдик фонду" ААКтын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.

2023-жылы айыл чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо боюнча кепилдиктердин саны 2910го жетип, жалпы сандын 61,4%ын түздү – 4736.

Жогорудагы тармактарды колдоо боюнча кепилдиктердин суммасы 1 млрд 51 млн сомду – бул берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 1/3 бөлүгү - 2 млрд 821 млн сом.

Кепилдик аркылуу берилген кредиттик каражаттардын көлөмү 3 млрд сомдон ашты – өткөн жылы берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн - 8 млрд 26 млн сомдун 37% түздү.

Пикир

Оставить комментарий