• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент курман болгон чек ара кызматкери Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир белек кылды

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда көз жумган чек ара кызматкери Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир белек кылды. Бул маалыматта президенттин администрациясынан тастыкташты.

Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова соцтармакта өлкө башчы Бекзод Юлдашевдин жубайы - Гүлкага батирдин ачкычын тапшырганын жазган.

Бекзод Юлдашев 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда курман болгон.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий