• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент өлкөдө бизнес жүргүзүүгө тоскоол болгон көйгөйлөрдү атады

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ишкерлери менен болгон жолугушууда өлкөдөгү ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү үчүн көрүлгөн чараларды айтып берди.

Аянтчаны ачып жатып ал жолугушуунун максаты - экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болгон, бийлик бутактарынан аларды чечүүдө чечкиндүү аракеттерди талап кылган курч маселелерди талкуулоо экендигин белгилеп өттү.

“Биз ишкерлерге эмне тоскоолодук жаратып жатканын билебиз. Биз аларды жок кылуунун үстүндө иштеп жатабыз”, - деди мамлекет башчысы.

Ал жаӊы түзүлгөн бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий киргизилгенин айтты;

— салык процедурасын фискализациялоо системасы киргизилүүдө;

— технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду;

— тигүү тармагындагы жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлдү;

— ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бизнести тейлөө борборлорун түзүүлүүдө;

— кепилдик Фонд түзүлүп, ал быйыл — бир жылдын ичинде эле 535 ишкерге кепилдик берди;

— мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү максатында мыйзамдын жаңы редакциясы парламентке киргизилди.

“Ошого карабастан бизнес-коомчулуктун өкмөттүн, соттук системанын жана укук коргоо органдарынын дарегине болгон олуттуу дооматтары бар. Чындыгында эле алар негиздүү. Мага түшкөн кайрылууларды жалпылап, бардык ишкерлерге тиешелүү болгон мүнөздүү көйгөйлөргө токтолоюн”, - деди Жээнбеков.

Ал ишкерлердин негизги дооматтарынын бири соттук териштирүүлөрдүн адилетсиздиги, ишкерлер текшерүүлөрдөн чарчап, ишин жыйынтыктап башка өлкөлөргө кетип калышы экендигин билдирди.

Ошондой эле ал ишкерлерди мыйзам чыгаруунун туруксуздугу, социалдык төлөмдөрдү, салыктарды администрациялаштыруу, Евразиялык экономикалык биримдиктин базарларындагы калыс атаандаштык көйгөйлөрү тынчсыздандырарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий