• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин отурумуна кылдат даярданууну тапшырды

Президент 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда Президенттик Аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдыда боло турган отурумуна дярдык көрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдыда боло турган отурумунда 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу маселелери талкуулана турганы белгиленди.

“Бул Стратегия өлкөнүн узак мөөнөт бою өнүгүшүнүн негизги багыттары белгиленген ушундай стратегиялык документтин, бөтөнчөлөнгөн “жол картасынын” болушу зарыл экенин көрсөттү”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдыда боло турган отурумуна кылдат даярданууну камсыз этүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий