• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Адамдардын саламаттыгы сактоо, өмүрүн коргоо үчүн бардык чаралар көрүлөт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, кыргыстандыктарга жасаган кайрылуусунда.

Мамлекет башчысы өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу оңой чечим болбогонун, анткени бул режим бир топ чектөөлөрдү, ыңгайсыздыктарды, ал гана эмес, калктын жашоо тиричилигинде кыйынчылыктарды жаратарын белгиледи.

«Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар. Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат. Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду. Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз. Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Ошондуктан, ушул чечимге бардым», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай чечим кабыл алынбаса, бул кесепеттин терс таасири узак убакытка чейин тийиши мүмкүн экенин, өлкө келечегине абдан катуу доо кетип калышы мүмкүндүгүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий