• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Президент 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий