• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаровдун Беларуска болгон иш сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 23.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 22-23-ноябрда Беларусь Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Минск шаарында мамлекет башчысы Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүнү арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышты.

Сессия Беларустун президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өттү.

Президент Садыр Жапаров тар форматтагы сүйлөгөн сөзүндө жолугушуунун күн тартибине Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн да, тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоодо ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү үчүн да актуалдуу болгон маселелер камтылганын белгиледи.

Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташты, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышты.

2024-жылдын 1-январынан баштап ЖККУдагы төрагалык Казакстанга өттү.

Пикир

Оставить комментарий