• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Кара-Буура районундагы оорукананын ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура районунун Аманбаев атындагы айыл аймагындагы оорукананын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы айылдыктарды жаңы оорукананын ачылышы менен куттуктады.

"2018-жыл менин жарлыгым менен Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Биздин коомдун тамыры айылда. Маданий, тарыхый, руханий көрөӊгөбүз айылда. Айылдар бар учурда улуттук каада-салтыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жоголбойт. Өлкөбүздүн өнүгүүсү региондорду өнүктүрүү аркылуу ишке ашат", - деди ал.

"Биздин милдет - элет жеринде адамдын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Негизги талаптардын бири - элибиздин ден соолугун сактоо, чыңдоо", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал саламаттык сактоо мекмелерин куруу, оңдоо-калыбына келтирүү иштерине бюджеттен жыл сайын миллиарддаган акча каражаттары бөлүнүп жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы эки кабаттуу оорукананы көрүп чыкты. КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жаңы оорукана жөнүндө президентке маалымат берди. Министрдин айтымында, өткөн жылы Талас облусу боюнча 20дан ашык медицина мекемелери курулуган жана оңдолгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков оорукананын жамааты менен жолугушууда дарыгерлердин түйшүгү түмөн экенин, бирок алардын айлык маяналары аз экенин белгиледи. "2011-жылдан бери медицина кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлгөн эмес. Азыр биз аны көтөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз", - деп баса белгиледи президент жана оорукананын башкы дарыгери Алтынбек Бокоевге 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле жергиликтүү тургундар менен маектешти. Айылдыктар мамлекетке жана президентке жаңы оорукана үчүн ыраазычылык билдиришти.

Маалымат иретинде:

Аманбаев айылындагы оорукананын жалпы сметалык наркы 65,6 миллион сом, курулуш иштери 2014-жылы башталган. Бүгүнкү күндө объекттин курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, технологиялык жабдыктары орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Жаңы оорукананын толук кандуу иштөөсү үчүн элүүдөн ашык штат ачылды, алардын 15и врачтар, 20сы орто медициналык кызматкерлер, 18и кенже медициналык кызматкерлер жана башкалар. Бардык статъялар жана айлык маяналар боюнча жыл сайын оорукананы кармоого бюджеттен 6 миллион сом бөлүнөт. Оорукана 14 айылдын элин сапаттуу тейлей алат.

Пикир

Оставить комментарий