• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер!

Ар бир элдин басып өткөн тарыхы, тили жана маданияты ошол элдин бүгүнкү, эртеңки жашоосу үчүн өтө маанилүү. Анткени, ошол тарых-таржымалы менен байтүп мамлекеттин келечеги калыптанат, андан ары өнүгүп-өсөт.

Эгемен Кыргызстандын эли үч миң жылдан ашуун тарыхы бар дүйнөдөгү эң байыркы элдердин катарына кирет. Адамзат тарыхындагы канды-булоон, далай кыргын-талоон согуштарга карабай, өз жүзүбүз, эне тилибиз, нарк-насилибиз жана даңазалуу тарыхыбыз менен сакталып келе жатабыз. “Манас” эпосунун 1000, Ош шаарынын 3000 жылдыгы да жөн жерден эле чыга калган эмес, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар тактап, барктап, баалап бекитип берген.

Биз 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары расмий белгилеп келебиз. Өтмүшү менен маани-маңызы миңдеген жылдарга барып такалган бул эскерүү күндөрү кыргыз элинин ондогон кылымдарды карыткан тарыхындагы тагдыр чечер өтө орчундуу учурлардан, кыл чайнашкан далай кыйын кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн мезгилине чейинки окуяларды камтыйт.

Өткөндүн күбөсү, тирүү эстелик катары тарых тандырбайт, таштагы жазма эстеликтерибиз андан бетер өжөр экендиги белгилүү. Илимге "Орхон-Энесай жазуулары" деген аталыш менен кирип, кезегинде Улуу Кыргыз каганаты катары (IX-X кылымдар) Евразияны титиретип, ооматыбыз жүрүп турган тарыхыбыздын бир үзүмүн чагылдырган жазуулар ага айкын күбө. Ошол эле илимде бери дегенде эле үч миң жылдык тарыхыбыз кашкайта жазылып турат.

"Кайың барбы кыргыз балта чаппаган... Кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган" деген жүрөктү эзген саптар да тегин жеринен жаралган эмес. Азыркы эгемендигибиз "Манас" дастанында айтылган, доорлордон бери эңсеген тилегибиз болгон. Ак мөңгүлүү Ала-Тоону каны-жаны менен коргоп, бүгүнкү муундарга мураска калтырган ата-бабаларыбызга миң мертебе таазим!

Бүгүнкү мамлекетибизди Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү интеллигенциябыздын өкүлдөрү түптөп кеткенин эч качан эсибизден чыгарбайбыз. Тилекке каршы, кайран кишилер кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Ошондон улам, 7-ноябрь дал ушул саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Мамлекеттүүлүк демекчи, буюрса, эмдиги жылы элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилейбиз. Ушуга байланыштуу мен “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл.

Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес деп айтылат. Калети жок таасын сөз. Анын сыңарындай, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сакташы абзел!

Жараткан ыроологон эгемен мамлекетибиздин телегейи тегиз, келечеги кең болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий