• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: «Центерра» кыргыз тарапка каршы козголгон соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду

Президент 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. «Центерра» АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө элине жасаган ккайрылуусунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ал эми «Кыргызалтын» ачык акционердик коому «Центеррадагы» 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат.

«Ошол эле учурда «Центерра» аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат. Биз, кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз. Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды.

Азыркы дүйнөлүк курч кырдаалды жана өзүбүздүн абалыбызды эске алсак жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам», - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий