• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент тиешелүү жетекчилер менен өлкөдөгү диний кырдааалды талкуулады

Президент 0


Бишкек, 31-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-мартта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду жана өлкөнүн Мусулмандар диний башкармалыгынын азирети муфтийи Максат ажы Токтомушевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү азыркы абал, анын өнүгүү тенденциялары жана бул багыттагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Зайырбек Эргешов диний билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар, өлкөдө радикалдаштырууга жана экстремизмге каршы туруу боюнча мамлекеттин, Мусулмандардын диний башкармалыгынын жана диний лидерлердин биргелешкен аракеттерин жөнгө салууну мындан ары активдештирүү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу тууралуу баяндалды.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик органдар, диний уюмдар жана лидерлер мындан ары карай да мамлекеттүүлүктү жана өлкө элинин биримдигин чыңдоо үчүн биргелешип иштөөсүнүн маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстандагы диний кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн жана биргелешкен алдын алуу чараларын көрүүнүн маанилүү экенине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий