• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков иш сапары менен Пекинге учуп кетти

Президент 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан тышкары, ал Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Пикир

Оставить комментарий