• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Мамлекеттик майрам — Россия күнүнө байланыштуу чын дилден чыккан каалоолорумду кабыл алып коюңуз. Бүгүн Россия Федерациясы туруктуу социалдык-экономикалык, коомдук саясий өнүгүүнүн жана өлкөнүн дүйнөлүк аренада кадыр-баркынын бекемделишинин үлгүсү болуп саналат. Сиздин кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошкон салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздин жеке катышууңуз биздин эки тараптуу мамилелерди сапаттуу толуктоого жаңы дем берип, союздаштык духун жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеди. Мезгилдин сыноолорунан өткөн кыргыз-орус кызматташтыгы мындан ары дагы биздин элдердин бакубат жашоосу үчүн өнүгө берерине ишенем», — деп Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда белгиленген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий