• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте БА мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын орун басарларынын XIII жолугушуусу өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Бишкекте БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору (РЦПДЦА) тарабынан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулган Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын ар жылдык 13-жолугушуусу өтүүдө.

КРнын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууну тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ачты.

Жолугушууга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегациялары, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү - РЦПДЦАнын башчысы К.Имнадзе, БУУнун Башкы Катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү – Афганистанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы Р. Отунбаева жана Нью-Йорк ш. БУУнун Катчылыгынын жооптуу өкүлдөрү катышууда.

Өз сөзүндө министр Кулубаев эл аралык мамилелерде азыр болуп жаткан окуялар, анын ичинде Борбордук Азия аймагы үчүн да узак мөөнөттүү натыйжа берерин белгиледи.

Буга байланыштуу Борбордук Азиянын бардык мамлекеттеринде жалпы тагдырдын өз ара байланышын так түшүнүү жана туруктуу саясий диалогго, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда жана коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты жамааттык илгерилетүүгө өз ара умтулуу бар.

Мисал катары КР ТИМ жетекчиси Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын форматын келтирип, анын 2022-жылдагы төртүнчү отурумунда Борбордук Азияны XXI кылымда өнүктүрүү максатында достук, коңшулук жана кызматташтык жөнүндө Чолпон-Ата Келишимине кол коюлганын эске салды.

Кулубаев БУУ РЦПДЦА программалык ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп, анын башчысы К.Имнадзени анын мандатына ылайык, биринчи кезекте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду жана ишеним чараларын бекемдөө боюнча конкреттүү демилгелерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү, ошондой эле келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө жана потенциалдуу коркунучтарды жоюу маселелеринде ишти активдештирүүгө чакырды.

Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн өзүнчө темасы Афганистандагы кырдаал болду. Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу регионалдык коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууда маанилүү ролду ойногондуктан, министр Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттерин афган багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону бекемдөөгө чакырды.

Муну менен катар КР ТИМ жетекчиси БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү Миссиясынын программалык ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп, БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Р.И. Отунбаевага МООНСАнын мандатынын алкагында жигердүү иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий