• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушууда

Президент 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуп жатат, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысы райондун жашоочуларына президенттик кызматында аткарып жаткан жана өзгөчө көңүл бурулуп жаткан мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди.

Ал аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, экологиялык таза продукцияны экспорттоо, өлкөнү санариптештирүү, ирригация жана таза суу менен камсыздоо улуттук долбоорлору, арзан турак жай менен камсыздоо, жол жана социалдык инфраструктураларды куруу, энергетикалык долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, сот-укуктук реформалар, коррупцияга каршы күрөш, куралдуу күчтөрдүн кубатын арттыруу, тышкы саясатта аткарылып жаткан иштерге кенен токтолду.

Мындан тышкары өлкө боюнча санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан «Түндүк» электрондук системасы, «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Электрондук нотариат» долбоору, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору, Digital CASA долбоору тууралуу жети-өгүздүктөргө айтып берди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий