• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президентке караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлдү - курамы

Президент 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө Жарлыктын толук тексти:

»Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.

Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.

Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын потенциалын бириктирүүгө бардык тараптар кызыкдар.

Андыктан, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү.

Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет».

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер мененбайланыштар боюнча кеңештин

КУРАМЫ

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы;

Өмүррбекова Алтынай

Сейтбековна

Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице — премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кеңештинтөрагасынын орун басары;

Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, Кеңештин катчысы;

Кеңештин мүчөлөрү:

Касымалиева Аида

Камчыбековна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Сыдыков Данияр

Батырович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Иманалиев Данияр

Шаршенбекович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Айдарбеков Чингиз Азаматович

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Панкратов Олег

Михайлович

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна

»Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору;

Молдокматов Жениш

»Замандаш» кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси» ассоциациясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Бегиева Джамиляхан Абжашевна

»Мекеним Ала-Тоо» коомунун төрагасы, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Акаев Каныбек

Муталиевич

»Бакай-Ата» региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы,Новосибирск шаары;

Кубатбеков Турсунбай

Сатымбаевич

»Кыргыз биримдиги» региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Мырзабеков Эгемберди

Биймырзаевич

»Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргызстандыктардын союзу» региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси;

Каримов Камчыбек

Камбарович

»Киргизия-Урал» Свердлов облустук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Екатеринбург шаары;

Осмонбеков Кубанычбек

Бекболотович

»Ишкерлердин Эл аралык Ассоциациясы» региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Чериков Азизбек

Арапбаевич

»Менин Кыргызстаным» Хакас региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Абакан шаары;

Батаева Назгуль

Жанышбековна

Красноярск шаарынын кыргыздарынын улуттук маданий автономиясынын жетекчиси;

Сманова Канзада

Нурманбетовна

»Биримдик» региондук коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы, Тюмень шаары;

Акматов Толкунбай

Усенович

»Ноокат-Каймос» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Мамаева Октом

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Санкт-Петербургдагы Кыргыз маданий автономиясынын төрагасынын орун басары;

Исмаилов Азамат Турдукеевич

Кыргыз Республикасынын Украинадагы соода-өнөр жай палатасынын «Бустер трейд» КУ башкы директору, «Кыргызстандын агрардык платформасы» коомдук уюмунун президенти;

Сыдыков Алтынбек Тойчубаевич

Алматы шаарындагы Замандаш ассоциациясынын өкүлү, Казакстан Республикасы;

Шаматов Дуйшон

Назарбаев Университетинин Жогорку билим мектебинин ассоциирленген профессору;

Аширбеков Жарашбек

Абжалбекович

ишкер, АДС/Айкидо, Джиу-Джитсу борборунун менеджери, Казакстан Республикасы, Астана шаарынын өзүн-өзү коргонуусу;

Абдыкадырова Бурул Абдыкадыровна

Ташкент шаарындагы кыргыз маданий борборунун мүчөсү, Өзбекстан Республикасы;

Курманбаев Курстанбек

Ибраимович

Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш» улуттук-маданий борборунун төрагасы, Тажикстан Республикасындагы »Хенкель» компаниясынын расмий өкүлү болуп саналат;

АкматовТоктобек

Маматович

Гуанчжоу шаарындагы «Goldmark Group Limited» соода-транспорт компаниясынын негиздөөчүсү, Кытай Эл Республикасы;

Калилов Эмиль

жеке ишкер, Корея Республикасы;

Сарыгулов Айбек

Жамангулович

Түркия Республикасындагы «Кыргызстандын достук жана маданият коому» коомдук фондусунун төрагасы;

Такабаев Тимурлан

Айдарбекович

Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, Түркия Республикасы;

Ниязалиев Дастан

Нарынбекович

Мюнхен шаарындагы кыргызстандыктардын «Ордо» коомдук бирикмесинин тең төрагасы, Германия Федерациялык Республикасы, Мюнхен шаарындагы Жогорку прикладдык башкаруу мектебинин экзамен алуу бөлүмүнүн референти;

Тоялиева Гульнур

»Kyrgyz Club Austria» негиздөөчүсү;

Жусупова Рахат

Кыргызстандыктардын эдинбургдук коомунун лидери, Улуу Британия, «Waitroseand Partners» компаниясынын кызматкери;

Жантаев Эрбол Тургунович

Филадельфия шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы, АКШ, Пенсильвания штаты;

Улан Азимбаев

Чикаго шаарындагы кыргыз маданий борборунун директору, АКШ, Иллинойс штаты;

Казыбаева Мира

»Kyrgyzstanis in Canada» коомчулугунун негиздөөчүсү, Канада, Торонто шаары;

Керимбекова Атыркуль Сардарбековна

»Kirghizistan unito in Sardena» кыргызстандыктардын коомчулугунун өкүлү, Италия, Кальяри шаары;

Мыйтанова Жанара

Борончуевна

Фейсбуктагы «БАЭ жаштар демилгеси тобу» социалдык топтун администратору, «Silk Road Holidays Homes Rental LLC» компаниясынын тең ээси;

Суранчиева Малика

Токторбековна

Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлү;

Акималиева Айгуль

Акималиевна

Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын лидери.

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө

ЖОБО

  1. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш (мындан ары — Кеңеш) консультативдик — кеңешүүчү орган болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасын өнүктүрүү маселелери, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле маданий-руханий кызматташтыкты колдоо маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп жана даярдоо боюнча мекендештердин Кыргыз Республикасынын бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракетт енүүсүн чыңдоону камсыз кылган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координациялык чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат.
  2. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
  3. Кеңеш саясий максаттарды көздөбөйт.

  1. Кеңештин негизги максаты, милдеттери, функциялары жана ишинин принциптери
  2. Кеңештин негизги максаты Кыргыз Республикасын динамикалуу экономикалык, маданий, социалдык өнүктүрүү, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу болуп эсептелет.
  3. Кеңештин ишинин негизги формалары төмөнкүлөр болуп саналат:
  • мамлекеттик бийлик органдары, муниципалдык органдар, ошондой эле коомдук (өкмөттүк эмес) уюмдар жана мекендештердин бирикмелери менен өз ара аракеттенүү;
  • эл аралык уюмдар жана алардын уставдык органдары менен кызматташуу;
  • экономикалык, маданий, социалдык, билим берүүчүлүк, гуманитардык жана башка багыттагы долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу жана колдоо, ошондой эле мекендештерге карата мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
  • чет өлкөдөгү мекендештердин жашоо сапатын жогорулатуу, этностук маданиятты сактоо боюнча кыргыз диаспораларынын жана бирикмелеринин күч-аракеттерин координациялоо;
  • чет өлкөдөгү мекендештердин проблемалары жөнүндө коомдун кабардар болушун жогорулатуу жана маалымат алмашуу;
  1. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:
  • чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан негизги маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү;
  • мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
  • миграция, анын ичинде эмгек миграциясынын маселелери боюнча программалык документтерди аныктоого жана иштеп чыгууга катышуу;
  • Кыргыз Республикасынын экономикасына тикелей чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
  • Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган мекендештердин күч-аракеттерин координациялоо;
  • Кеңештин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшүн кароо;
  • Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө мекендештердин салымынын жана катышуусунун ийгиликтүү болгон мыкты тажрыйбалары жөнүндө чет өлкөдөгү мекендештерди системалуу түрдө маалымдоо.
  1. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
  • коом алдындагы жоопкерчилик;
  • Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
  • чет өлкөдөгү мекендештер үчүн ачыктык;
  • иштин ачык-айкындыгы;
  • даярдалган чечимдердин негиздүүлүгү;
  • чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда коомдук пикирди эске алуу;
  • соңку натыйжага багытталуу.

  1. Кеңештин түзүмү жана курамы

Кеңештин аткаруу органынын функциясын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

  1. Аткаруу органы төмөнкү функцияларды аткарат:
  • Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана Кеңештин мүчөлөрү менен жумушчу контакттарды түзүү;
  • Кеңештин жыйналышынын күн тартибин даярдоо;
  • чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, алардын аткарылышын контролдоо;
  • кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун натыйжалары жана ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо;
  • Кеңештин чечимдеринин, сунуштарынын жана сунуштамаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
  • ички иш кагаздарды жүргүзүү, анын ичинде Кеңештин иши менен байланышкан протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди жүргүзүү жана сактоо;
  • башка функцияларды жүргүзүү.
  1. Кеңештин жеке курамын аткаруу органынын сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
  2. Кыргыз Республикасынын Президенти Кеңештин төрагасы болуп эсептелет.
  3. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

— Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча аткаруу органы тарабынан сунушталган жетекчи деңгээлиндеги аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү;

— өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү;

— чет өлкөдөгү мекендештердин өкүлдөрү:

  • кеминде 3 жыл мекендештердин маселелери менен иштеген коммерциялык эмес уюмдар, мекендештердин бирикмелери, кыргыз коомдору, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери), туруктуу өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери же Кыргыз Республикасынын визалык пункттары сунуштаган мекендештер;
  • чет өлкөдө дайыма болгон же чет мамлекеттин жараны болгон мекендештерден Кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер коммерциялык эмес уюмдардын, мекендештердин бирикмелеринин, кыргыз коомдорунун сунуштамаларынын жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин), туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же сунуштап жаткан коммерциялык эмес уюм катталган жана уставдык ишин жүргүзгөн өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын визалык пункттарынын сунуштама-каттарынын негизинде каралат;
  • Кыргыз Республикасында болгон жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген мекендештердин өкүлдөрүнүн ичинен талапкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин), туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же Кыргыз Республикасынын визалык пункттарынын сунуштама-каттары талап кылынбайт.

  1. Кеңештин жана Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

Жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

— Кеңештин милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин өзүнүн жыйналыштарында угууга;

— эксперттик баалоону жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде чет элдик эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;

— тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана Кеңештин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратууга.

  1. Кеңештин ар бир мүчөсү жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

— Кеңештин жыйналышынын күн тартибин түзүүгө катышууга жана сунуштарды берүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган интеллектуалдык, материалдык, финансылык жана башка ресурстарды тартууга.

  1. Кеңештин мүчөлөрү, чакырылган адамдар, ошондой эле коюлган маселелерди чечүүгө кызыкдар жана Кеңештин катчылыгында каттоо жол-жобосунан өткөн адамдар Кеңештин жыйналыштарына катышат.

  1. Кеңештин ишин уюштуруу

Кеңештин жыйналышы зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт.

  1. Эгерде жыйналышта Кеңештин кеминде 2/3 мүчөсү, анын ичинде Кеңештин төрагасы катышса, Кеңештин жыйналышы мыйзамдуу (кворум бар) деп эсептелет.
  2. Чет өлкөдөгү мекендештердин ичинен Кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналыштарына катышуусу аралыктан (онлайн режиминде) теле- жана видеокоммуникацияларды колдонуу менен мүмкүн.
  3. Кеңештин кезектеги жыйналышын Кеңештин катчылыгы же Кеңештин төрагасы тарабынан чакыртылат.
  4. Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасы, Кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин аткаруучу органы же Кеңештин мүчөлөрүнүн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
  5. Кеңештин мүчөлөрү жыйналыш өткөрүүгө чейин кеминде 10 календарлык күндөн кечиктирбестен Кеңештин жыйналышын чакыруу жөнүндө жазуу жүзүндө же коммуникациянын электрондук каражаттарын колдонуу менен, жыйналыштын күн тартибин, ошондой эле аны өткөрүү күнүн, мезгилин жана ордун көрсөтүү менен кабардар кылынат.
  6. Кеңештин ишинин алкагында эки жылда бир жолу «Мекендештер» форумун үзгүлтүксүз өткөрүп туруу каралат.
  7. Кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык жана техникалык камсыз кылууну Кеңештин аткаруучу органы жүргүзөт.
  8. Кеңештин жыйналышында чечим катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда Кеңештин төрагасынын добушу аныктоочу болуп саналат.

  1. Кеңештин чечимдери жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү

  1. Кеңештин чечими Кеңештин жыйналышынын протоколу менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы кол коёт.
  2. Кеңештин протоколун Кеңештин жыйналышы өткөн күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Кеңештин аткаруучу органы тарабынан түзүлөт жана Кеңештин мүчөлөрүнө бекитүүгө жөнөтүлөт.
  3. Кеңештин жыйналышынын чечим кворум болгондо кабыл алынат.
  4. Кеңештин сунуштарын жана сунуштамаларын аткарууга мониторинг жүргүзүүнү Кеңештин аткаруучу органы жүзөгө ашырат.
  5. Сунуштамалар жана/же сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бир айдын ичинде каралууга тийиш.
  6. Кеңештин чечими сурамжылоо жолу менен сырттан кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү жолу (сурамжылоо жолу) менен кабыл алынган Кеңештин чечими, эгерде добуш берүүгө Кеңештин кеминде 2/3 мүчөсү катышса, анык болуп эсептелет. Сырттан добуш берүү Кеңештин төрагасы кол койгон сурамжылоо барагын колдонуу менен, ошондой эле аралыктан (онлайн) теле жана видеокоммуникацияларды колдонуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий