• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Алмаз Исанов президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Исанов Алмаз Насирдинович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров кол койгон башка жарлыкка ылайык, Сыдыков Бакыт Толомушевич президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий